super.kg logo

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун активи менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жергиликтүү активи менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жаңы жолдор райондун жана жалпы эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Эми райондун инфраструктурасын жаңыртууну баштоо керек. Жаңы жолдорго жана инфраструктуралык объектилерге аяр мамиле жасоо зарыл. Кытай инвесторлору биз менен иштөөгө даяр. Эгерде биз инвесторлор менен иш алып бара алсак, өлкөгө мындан да көп инвестиция тарта алабыз", - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Жолугушуунун катышуучулары тарабынан Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү суроолор көтөрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы дагы бир ирет президенттин "Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын так аткаруу зарылдыгы тууралуу эске салды.

"Кечээ президенттин жарлыгынын аткарылышын бузган жактар жоопкерчиликке тартылды. Алар үгүт кампаниясына кийлигишкен. Бул адамдар бир топ жыл кызматта иштеп жүрүп, бир учурда андан айрылышты. Биз алдыдагы шайлоону ачык-айкын, мыйзамды бузбастан өткөрүүбүз зарыл", - деди Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарына инвесторлор тараптан жергиликтүү калк үчүн социалдык долбоорлордун ишке ашырылышын тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: