Заир Чокоев жана Манас Жакыпов Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Заир Чокоев жана Манас Жакыпов Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. "Мамлекет башчынын башка буйругу менен Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана “Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Мээрим Момункулова жана Айнура Тезекбаева Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.