super.kg logo

Парламентте Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндөгү макулдашууга тиешелүү мыйзам долбоору колдоо тапты

 

Бүгүн, 10-ноябрда парламентте Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндөгү макулдашууга тиешелүү мыйзам долбоору колдоо тапты.

“2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндөгү макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланышы Түрк академиясынын уюштуруучу өлкөлөр тарабынан бул академиянын бюджетине жыл сайын чегерүүлөрдүн эсебинен иштөөсүнө мүмкүндүк берет жана академиянын бюджеттик процессин жана финансылык отчёттуулукту ишке ашыруу тартибин аныктайт.

Бул макулдашуу 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган "Түрк академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча протоколдо" бекитилген, анда 0,5 пайыз өлчөмүндө Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү төгүм белгиленген.

Талкуудан соң бардык фракциялардын чечимин эске алуу менен үч окууда колдоо тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: