БШКда жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды
Борбордук шайлоо комиссиясында жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору ачылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору түрүндөгү институт менен тутумдалышы тарбиялоо, билим берүү маселелерин укуктук өңүттөр менен интеграциялоого мүмкүнчүлүк түзөт.
ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы Александр Рогов түзүлүп жаткан борбордун уникалдуу экендигин белгиледи.
“Жарандык билим берүү борборунун уникалдуулугу шайлоочулардын бардык категориялары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн анын ишине толук баалуу катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүндө турат. Борбордун бөлмөлөрү жарандардын бардык категорияларынын муктаждыктарын эске алуу менен акыркы технологиялар боюнча жабдылган жана офлайн түрүндө да, онлайн таризинде да окутууну натыйжалуу өткөрүүгө шарт түзөт. Бул борбор жаңы социалдык долбоорлорду ишке ашыруучу жай болушу керек”, - деди ал.

