"Таразага тартып берүүнү талап кылыңыздар". Көмүр сатуучулар таразаны колдонбой жатканы аныкталды




Бишкектеги көмүр саткан айрым жайларда таразалар колдонулбай жатканы аныкталды. Бул туурасында Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери тарабынан күн сайын жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жүрүшүндө белгилүү болду.
Мекемеден кабарлашкандай, Бишкек шаарынын Киргизская көчөсүндө жайгашкан көмүр сатуу жайларында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу максатында текшерүү жүргүзүлдү.
"Иш-чаранын жүрүшүндө жеке ишкерлер тарабынан көмүр сатуучу жайларда таразалар колдонулбаганы аныкталды. Бул боюнча сатуучуларга тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ушуга байланыштуу керектөөчүлөрдүн алданышына жол бербөө максатында мамлекеттик агенттик көмүр сатып алууда сатуучулардан таразага тартууну талап кылууну сунуштайт", - дешет мекемеден.



1 |