super.kg logo

Руслан Казакбаев Ватиканда Рим папасы менен жолукту

 
Руслан Казакбаев Италия Республикасына болгон биринчи расмий иш сапарынын алкагында Ватикан мамлекетине барып, Рим папасы Франциск менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Рим папасы Франциск өлкөнүн жетекчилигине жана кыргыз элине эң жакшы каалоолорун айтты.
"Министр Руслан Казакбаев ошондой эле Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьеро Паролини (өкмөт башчысы) менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо контекстинде эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Диндер аралык толеранттуулук маселелери өзүнчө талкууланып, анын ичинде билим берүү тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
"2022-жылы Кыргыз өлкөсү менен Ватикандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Руслан Казакбаев ватикандык тарапка, ошондой эле билим берүү жана маданият тармагын камтый турган Кыргыз өлкөсү менен Ватикан мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну түзүү маселесин карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Ватикандын мамлекеттик катчысы эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү, ошондой эле 2022-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча министр Руслан Казакбаевдин сунуштарын кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: