ИИМ: "Бүгүнкү күнгө карата шайлоонун жол-жобосун бузган 73 факты катталды"
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда Ички иштер министрлиги жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары башталган учурдан тартып бүгүн, 11-ноябрь күнү саат 08:00гө карата шайлоо жол-жобосун бузган 73 факты катталган. Алардын ичинен 19 факты "шайлоочуларды сатып алуу”, "жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” жана “уурдоо” беренеси көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында 17 факты Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесинде “майда бейбаштык”, “административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”, “бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу” жана “орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” каралган жоруктардын белгилери менен катталган.
Мындан тышкары маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 37 материал катталган, анын ичинен 20 номенклатуралык иш көктөмүнө тиркелген, 7 аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 7 сотко чейинки өндүрүш ишине коштурулган, дагы 3 материал каралууда.
Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенжерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефон номери аркылуу кабарлоону суранат.

