Ошто аялынын көңүлүн алыш үчүн жолдогу гүлдөрдү үзгөн киши кармалды
Ош шаарында мас абалда гүл челектен гүлдөрдү үзүп кеткен адам кармалып, кылган ишинин себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Монуев көчөсүндөгү жол боюндагы гүлдөрдү жулуп кеткен адам изделип жатканы кабарланган. Ал көп өтпөй кармалып, 1980-жылы туулган Э.Ш. экени белгилүү болгон. Ал бул иш боюнча көрсөтмөнү төмөнкүчө берген.
"Үйгө көбүрөөк ичип бардым, аялым үйгө киргизбей, эшикке чыгарып салды. Анын көңүлүн алуу үчүн жолдогу гүлдөрдү жулуп үйгө алып бардым. Аялыма бердим. Бирок мен туура эмес иш кылып койдум", - деп билдирген ал.
Ал эми гүлдөрдү анын карындашы кайра сатып берип, чыгымдарды төлөп берген.
.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Байке азамат экен....Атын чыкпаса , гул уурда))