Тажикстанда 110 сом. Коңшу өлкөлөрдөгү кумшекердин баалары аталды
Бүгүн, 11-ноябрда социалдык мааниге ээ азыктардын баалары тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Ага Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттин агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Чүй жана Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кумарбек Султангазиев жана башкалар катышууда.
"Кумшекердин 50 пайызын өзүбүз өндүрөбүз, 50 пайызы сырттан ташылып келет. Өлкөдө кумшекердин орточо баасы килограммы 68 сом, Казакстанда 62 сом, Өзбекстанда 69 сом, Орусияда 60, Арменияда 75 сом, Тажикстанда 110 сом.
Биз бааларды туруктуу кармоого аракет кылабыз. Ишкерлерибиз дагы сырттан экспорттоо жолу менен кумшекерди өлкөгө алып келип, базар рыногуна киргизүүдө.
Өсүмдүк майынын 85-90 пайызын сырттан алып келебиз. 10 пайызын өзүбүздүн ички ишканалар каржылайт. Өлкөдө бир литр майдын орточо баасы 155 сом, Казакстанда дагы (ред.: бүгүнкү курс менен сомго алганда) 155 сом, Өзбекстанда 189 сом, Орусияда 135 сом, Арменияда 190 сом, Тажикстанда 220 сом", - деп билдирди Тайлаков.
Ошондой эле ал бааларды кескин көтөрүүгө жол берилбей турганын кошумчалап өттү.








1 |