ИИМдин имаратына өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинди




ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин стендин ачуу аземи өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 10-ноябрь күнү ачылыш азем болуп өткөн. Анда басма сөз кызматы тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илингенин көрүүгө болот.
Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А.Ботобаев, М.Исмаилов, Б.Матмусаев, М.Кулуев жана башкалар келип катышкан. Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылган.
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
1

Эмнеге жоопко тартылбайт?