Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 147 миллион 509 миң 628 сом түштү
Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 147 миллион 509 миң 628 сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам ченемдерине ылайык саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- 1 миллион 500 миң сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
- 100 миллион сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
- 200 миң сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
- 3 миллион сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
с/п № |
Саясий партиянын аталышы |
Түшкөн каражат |
Чыгымдалышы |
1 |
«Ата Мекен» |
4 722 550 |
4 005 023 |
2 |
«Бүтүн Кыргызстан» |
8 868 700 |
7 445 855 |
3 |
«Альянс» |
16 561 875 |
15 436 457 |
4 |
«Легалайз» |
1 058 000 |
1 038 017 |
5 |
«Ыйман Нуру» |
3 137 241 |
2 751 771 |
6 |
«Күчтүү регион» |
1 050 250 |
1 000 150 |
7 |
«Багыт» |
1 143 090 |
1 030 300 |
8 |
«Ынтымак» |
14 611 184 |
10 419 237 |
9 |
«Ишеним» |
23 060 541 |
21 596 455 |
10 |
«Азаттык», |
7 159 708 |
5 449 371 |
11 |
«Мекенчил Эл» |
2 851 610 |
2 839 016 |
12 |
«Кыргызстандын жашылдар партиясы» |
1 065 000 |
1 035 140 |
13 |
«Жашасын Кыргызстан» |
1 026 150 |
1 000 150 |
14 |
«Социал-демократтар» |
3 532 990 |
3 317 132 |
15 |
«Аруузат» |
1 177 700 |
1 147 200 |
16 |
«Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» |
1 753 840 |
1 648 824 |
17 |
«Улуттар Биримдиги» |
4 214 562 |
3 808 522 |
18 |
«Эл Үмүтү» |
16 187 340 |
14 210 629 |
19 |
«Ордо» |
1 240 000 |
1 211 870 |
20 |
«Улуу-Журт» |
1 216 200 |
1 193 239 |
21 |
«Ата-Журт Кыргызстан» |
31 871 097 |
22 869 259 |
Бардыгы |
147 509 628 |
124 453 617 |



