super.kg logo

КМШ өкмөт башчылар кеңеши видео байланыш форматында өтөт

 

12-ноябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны видео байланыш форматында өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары КМШ алкагындагы экономикалык өз ара аркеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, уран өндүрүү өнөр жайынын таасирине дуушар болгон аймактарды рекультивациялоого, темир жол транспортун өнүктүрүүгө тийиштүү темаларды талкуулайт. Мындан тышкары, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн маалыматтык-телекоммуникациялык тармактардагы автордук укук жана чектеш укук объектилеринин укугун коргоо жана сактоо боюнча кызматташтыгы каралмакчы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге, анын катарында Автордук укук объектилеринин укугун коргоо жана сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлушу, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде 2022-жылы Элдик кол өнөрчүлүк жана маданий мурас жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоорун бекитүү пландаштырылууда.

Белгилесек, КМШ өкмөт башчылар кеңеши Бишкек шаарында офлайн форматта өткөрүлүшү каралган. Бир катар КМШ мамлекеттериндеги эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кеңешмени видеоконференцбайланыш форматында өткөрүү чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2021. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле кылышыптыр. Болбосо биздикилер адатынча паланча жуз мин долларга самолет жалдап (арендага алып), толтура кузгундун коштоосунда барып келмек, эшектин тушоосун чечпесе да ..........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: