super.kg logo

Эдил Байсалов: "Кыргыз мамлекети вакцинация темпи боюнча дээрлик 2 эсе артта калууда"

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин катышуучулары республикадагы учурдагы эпидемиологиялык абалды талкуулады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө абал туруктуу.

Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү, зарыл болгон учурда тийиштүү чараларды ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн штабга дароо маалымдоону тапшырды.

Андан соң республикалык штабдын мүчөлөрү республика аймагындагы COVID-19га каршы калкты вакцинациялоонун жүрүшү маселесин талкуулады. Аталган маселе боюнча Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы угулду.

Эдил Байсалов белгилегендей, эмдөөнү ийгиликтүү жүргүзүү жер-жерлердеги жетекчилерден жана алардын алдына милдеттердин туура коюлушунан көз каранды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы вакцинациялоо темпи боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда турат жана жарандар арасында эмдөө алуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эскертти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын тапшырмасы боюнча, жакын арада Бишкек шаарында COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча кошумча пункттар ачылат жана жарандарды маалымдоо боюнча жаңы кампания башталат.

Ал коронавирустук пандемиянын жаңы толкуну учурунда бейтаптар кычкылтек менен камсыздоочу жабдыктар менен камсыздалбаган учурда саламаттыкты сактоо тармагынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин кылмыш жоопкерчилигин эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: