super.kg logo

Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү

 

11-ноябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коомдук угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев баяндама жасап “Бүгүнкү күндө көмүскөлүү экономика өлкөнүн 40% жана салык төлөөчүлөрдүн ичинен 0,6 пайыз түзөрүн белгиледи. Бул көмүскө экономиканын чоң деңгээли мамлекет үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Андыктан көмүскө коррупцияны кыскартуу жана салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүгө багытталганын айтты.

Андан соң парламенттик угуу суроо-жооп түрүндө уланды. Катышуучулар салык кодексинин жаңы редакциясына киргизилип жаткан өзгөчөлүктөр тууралуу суроолорду беришип, сунуштарын айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: