Чуу жараткан Жаныш Бакиевдин сүрөтү. Портрет алынып милиция коомчулуктан кечирим сурады

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Жаныш Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган. Бирок бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин стендин ачуу аземи өтүп, анда стендге Жаныш Бакиевдин да сүрөтү илинген болчу.






1 |