super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

 

Бүгүн, 11-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Түркиянын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетинде ар кыл чөйрөдө түрк капиталы бар 300дөй компания иштеп, аларда 5000ден ашуун кыргыз эмгектенерин белгиледи.

Президент Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосунда дагы көптөгөн ийгиликтүү бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, түркиялык ишкерлерди Кыргыз мамлекетине активдүү инвестиция салууга чакырды.

Садыр Жапаров инвесторлорду колдоо жана укуктарын коргоо боюнча чаралар, чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар жана алардын демилгелери менен долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосундагы товар айлантуу көлөмүн көбөйтүүдө бизнеске чоң ролт артылганын, ал эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин башкы локомотиви экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети чоң инвестициялык потенциялга ээ болуп, Түркиялык инвесторлордун Евразиялык экономикалык биримдиктин, Кытай жана башка кошуна өлкөлөрдүн рыногуна чыгуусу үчүн "терезе" болуп бере алат жана болууга даяр.

Ал бүгүнкү иш-чара иштиктүү байланыштарды жемиштүү өнүктүрүүгө кеңири мүмкүндүктөрдү берерине ишеним артты.

Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетинин экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын, инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

"Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргыз Республикасынын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири", - деди президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча Кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Айдын Мыстачоглу жолугушууга ири түркиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровго Кыргыз мамлекетинде чет өлкөлүк инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга ыраазычылык билдирди.

Айдын Мыстачоглунун айтымында, үстүбүздөгү жылы Кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу 2020-жылга караганда көбөйгөн. Бирок анын айтымында Кыргыз мамлекети менен Түркия экономикада кызматташууда чоң потенциалга ээ жана учурдагы товар айлантуунун көлөмү мүмкүн болгон деңгээлге туура келбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: