Кыргыз аскерлери эл аралык машыгууга катышууда
Орусиянын Казань шаарындагы Казань жогорку танк полигонунун базасында "Бузулбас бир туугандык - 2021" Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен машыгуулар өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматында айтылгандай, аталган иш-чарага Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнүн аскер контингенттери катышууда. Машыгуулар 8-ноябрда башталган.
Кыргыз өлкөсүнүн аскер контингентинин негизги бөлүгүн Түштүк-батыш оперативдүү командачылыгынын жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын №12544 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери түзөт.
Биргелешкен машыгууларга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жалпысынан 1 800дөй адам катышууда. Ошондой эле 300гө чейин курал-жарак, анын ичинде 8 Ми-8 жана Ми-24 тик учагы жана эки көп функционалдуу Су-34 истребители колдонулууда.
Машыгуулар бүгүн аягына чыгат.



