"Алдамчылардын кайырмагына илинбегиле". Улуттук банк мессенжерлерде тарап жаткан билдирүү жалган экенин айтты

жарандарды сак болууга жана жеке маалыматты башка адамдарга бербөөгө чакырып, төмөнкүлөрдү маалымдайт.
1. Улуттук банк белгисиз сайттарга шилтеме келтирүү менен билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу кандайдыр бир сурамжылоолорду жана утуштарды өткөргөн эмес жана өткөрбөйт. Эгерде сизге ушул сыяктуу маалымат түшсө, анда көрсөтүлгөн шилтемеге өтпөстөн, ал билдирүүнү жок кылып, аны андан ары эч кимге таркатпоо зарыл.
2. Төмөнкү жеке (байланышуу) маалыматыңызды көрсөтпөңүз (толтурбаңыз): картаңыздын номерин, ПИН-кодду, картаны колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддордун (бул коопсуздук коддору болуп саналат, андагы акыркы 3 сан картанын арткы бетиндеги кол тамга коюлуучу тилкеде көрсөтүлөт), ошондой эле мындай маалыматты туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына да бербөө зарыл. Алдамчылар белгисиз сайттарга шилтеме келтирүү аркылуу ар кандай жол менен жеке маалыматты алууга аракеттенишүүдө.
3. Карта ээси алдамчыларга жеке маалыматты өзү бергендиктен банктык картадан уурдалган акча каражаттарды жабыр тарткан жаранга кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес.
4. Банктан алынган көчүрмөнү дайыма текшерип туруңуз. Эгерде сиз ишке ашырбаган операцияны байкап калсаңыз, дароо банкка өтүнүч кат менен кайрылып, түптөлгөн жагдайды териштирүүнү сураныңыз.
5. Ушул сыяктуу билдирүү түшсө анын скриншотун Улуттук банктын mail@nbkr.kg расмий почтасына жөнөтүүнү өтүнөбүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.