Патрулдук милициянын акыркы он айдагы жыйынтыгы. Бишкекте 242 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды



Милициянын кайгуул кызматы 2021-жылдын 10 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Кайгуул кызматкерлери тарабынан 10 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 242 миң 841 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 84 миллион 214 миң 252 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.
Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 2708;
- Мас абалында унаа башкаруу 2577;
- Авто бейбаштык 56;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо 561;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед катышкан эреже бузуулар 4372;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 232 567;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 19 773 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ошондой эле 10 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан 102 линиясы боюнча 65 157 чакыруу ыкчам жана сапаттуу тейленген.
Ал эми кайгуул кызматкерлери тарабынан 10 ай ичинде 2 миң 451 кылмыштар жана жоруктар аныкталып, баары жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.
Алардын ичинен:
- Адам өлтүрүү 5;
- Каракчылык 8;
- Тоноо 52;
- Уурдоо 188;
- Бейбаштык 1052;
- Адам уурдоо 2;
- Унаа каражаттарын уурдап качуу 14;
- Алдамчылык 55;
- Үй-бүлөлүк зомбулук 813;
- Баңгизат 2;
- Бирөөнүн мүлкүн талкалоо 71;
- Унааны жасалма номер менен башкаруу 42;
Башка кылмыштар 146.
Ыкчам кеңешмеде мындан башка да жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.



