super.kg logo

Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттер катчылыгынын жаңы штаб квартирасы ачылып, кыргыз туусу да көтөрүлдү

 
Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин катчылыгынын жаңы штаб квартирасы ачылып, анда Кыргыз өлкөсүнүн туусу көтөрүлдү. Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышканын президенттик администрациядан кабарлашты.
Салтанат Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, андан тышкары Азербайжандын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери, Венгриянын өкмөт башчысы жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин башкы катчысынын катышуусунда өттү.
Мамлекет башчылары бир учурда өз өлкөлөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин штаб квартиранын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.
Андан кийин Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн жаңы имаратка киришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: