super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Стамбулдагы саммитте сүйлөдү

 

Президент Садыр Жапаров Стамбулдагы саммитте сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Боордош мамлекеттердин бүгүнкү саммитке катышып жаткан башчылары менен көрүшүп жатканыма чексиз кубанычтамын. Учурдан пайдаланып, сөзүмдүн башында урматтуу Шавкат Мирзийоевди Өзбекстандын президенти болуп кайрадан шайланышы менен чын дилимден дагы бир жолу куттуктайм. Жалпы боордош өзбек элинин мындан аркы өнүгүүсүнө албан ийгиликтерди каалаймын.

Европа менен Азияны бириктирип, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан байыркы Стамбулда Түрк мамлекеттеринин башчылары менен кезектеги саммитте жүз келишип, жолугушуп турганыма өтө кубанычта экендигимди чын дилимден билдиремин. Бизди жогорку деңгээлде күтүп алган меймандос түрк элинин улуттук лидери, Түркия Республикасынын президенти, урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырзага өзгөчө ыраазычылыгымды жолдоймун.

Уюмубузда төрагалыкты алган түрк тарабына зор ийгиликтерди жана үзүрлүү ишмердүүлүктү каалаймын.

Түрк бир туугандарыбыздын Түрк кеӊешинин төрагасы гана эмес, түрк кызматташуусу боюнча бардык уюмдардын кыймылдаткыч күчү катары олуттуу демилгелерди ишке ашырышынан жана маанилүү иш чараларды өткөрөрүнөн биз күмөн санабайбыз.

Ошону менен бирге, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиев мырзаны Азербайжан Республикасынын Түрк кеӊешиндеги төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Азербайжан төрагалыгы маалында ишин мыкты жүргүзүп, биздин мамлекеттер үчүн зарыл болгон демилгелерди жүзөгө ашырды. Ошонун негизинде бүгүн сыйлыкка ээ болдуңуз, сыйлыгыңыз кут болсун.

Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү болгон боордош Түркмөнстандын Түрк кеңешине байкоочу мамлекет болуп киришине байланыштуу түрк дүйнөсүнүн биримдигине, ынтымагына өз салымын кошуп келаткан Түркмөнстандын Президенти, урматтуу Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедовдун чечимин кубаттайбыз жана бул чечим достуктун жаркын мисалы болгон бүгүнкү күндүн олуттуу кадамы экенин белгилейбиз.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин мамлекет башчыларынын 8-саммити – Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн, көз каранды эместигинин 30 жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый жылда өткөрүлгөнү зор мааниге ээ экенин белгилейм.

Мен Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүн позитивдүү маанайда белгилейм. Анын дүйнөлүк коомчулукта активдүү таанылганын, түрк интеграциясынын эң башкы жана абройлуу платформасына айлангандыгын баса белгилеп кетким келет.

Бүгүнкү күндө ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Түрк академиясы натыйжалуу иштеп жатат.

Ошондуктан, Кыргыз мамлекети Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеӊешинин аталышын “Түрк мамлекеттер уюму” деп өзгөртүлүшүн толук колдойт. Бул чечим Уюмубуздун мындан аркы өнүгүүсүнө, анын эл аралык аренада өз позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берет деген ойдомун.

Ушуга байланыштуу, кыргыз тарабы Казакстандын туңгуч президенти, урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" стратегиялык документин толугу менен колдойт, ошондой эле аталган документ түрк дүйнөсүнүн келечектеги артыкчылыктуу багыттарын көрсөтөт жана "жол картасы" катары негизги ролду ойнойт деп эсептейт.

Ошондой эле, Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен бирге, өз ара карым-катнашыбызды жана байланыштарыбызды, көп тараптуу мамилелерибизди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык аренада мыкты платформа болуп берет деп ишенебиз.

Азыркы экономикалык каатчылыктан бири-бирибизге жөлөк болуп, бир-бирибизге колдоо көрсөтүү аркылуу гана чыгып кетерибизге ишеничибиз чоң.

Бүгүн биздин колдоого алына турган “Түрк инвестициялык фонду” өз ара экономикалык мамилелерибиздин реалдуу инструментине айланып, эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун механизми катары чоң ролду ойнойт.

Биздин мамлекетте түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту - Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну ылайык көрөбүз.

Фондду Кыргызстандын борборунда жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар. Кыргызстан - Түрк кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми, биздин Кеңешибиздин негизги документтеринде тең укуктуулукту сактоого жана урматтоого чоң маани берилген.

Андыктан, Түрк инвестициялык фондун Кыргызстанга жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет", - деп айтты ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: