super.kg logo

Садыр Жапаров Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну сунуштады

 

"Түрк инвестициялык фондун Кыргыз мамлекетине жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет", - деди бүгүн, 12-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-Саммитинде сүйлөгөн сөзүндө. Бул тууралуу президенттик администрацияын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулоо менен бирге өз ара карым-катнашыбызды жана байланыштарыбызды, көп тараптуу мамилелерибизди өркүндөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык аренада мыкты платформа болуп берет деген ишенимин билдирди.

"Азыркы экономикалык каатчылыктан бири-бирибизге жөлөк болуп, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү аркылуу гана чыгып кетерибизге ишеничибиз чоң.

Бүгүн биздин колдоого алына турган “Түрк инвестициялык фонду” өз ара экономикалык мамилелерибиздин реалдуу инструментине айланып, эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун механизми катары чоң ролду ойнойт.

Биздин мамлекетте түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту - Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну ылайык көрөбүз", - деди ал.

Мамлекет башчысы белгилегендей, фондду Кыргызстандын борборунда жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар.

"Кыргыз-Түрк кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми биздин кеңешибиздин негизги документтеринде тең укуктуулукту сактоого жана урматтоого чоң маани берилген", - деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: