super.kg logo

Кыргыз өлкөсү түрк дүйнөсүнө жана эл аралык коомчулукка "Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы" платформаны түзүүнү сунуштады

 

"Кыргыз мамлекети түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка "Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы" деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт", - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда дүйнөлүк геосаясий кырдаал курч бойдон калууда.

"Бул биринчи кезекте Ооганстандагы акыркы айлардагы окуялар менен терең байланышта. Бул жагдай Борбордук Азия өлкөлөрүндө тынчсызданууну жаратууда. Албетте, биз бардык маселелердин тынчтык жолу менен, дипломатиялык диалог аркылуу чечилишин көздөйбүз. Анткени Ооганстанда абал курчуй берсе, Борбордук Азия өлкөлөрүнө да түздөн-түз залакасын тийгизет. Биз үчүн тынчтыктан артык дөөлөт жок", - деди ал.

Түзүлгөн кырдаалды эске алып, президент Садыр Жапаров, Кыргыз мамлекети түрк дүйнөсүнө жана жалпы эл аралык коомчулукка "Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы" платформаны түзүүнү сунуштаарын билдирди. Ал Борбордук Азия - демографиялык өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлерин белгиледи.

"Ата-бабаларыбыз байыртадан тынчтыкта жана ынтымакта жашоонун принцибин, сабырдуулукту жогору баалап келген. Биз аны жаңы кырдаалда ыйык тутуп, биздин аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коңшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбордук Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген", - деп түшүндүрдү Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекети түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү экенин эске салды. Ал Кыргыз өлкөсү түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышуу ниетин билдирди.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстеринин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот.

"Биздин тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз", - деп жыйынтыктады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: