super.kg logo

Бишкекте "Aitmatov Books" китеп дүкөнү ачылды

 

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте китеп дүкөндөрдүн катары толукталып, "Aitmatov Books" аттуу китеп дүкөнүнүн ачылышы болуп өттү. Иш-чара китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда көркөм окуу жана интеллектуалдык оюндар менен коштолду.

"Биз өлкөдө китептердин жана китеп дүкөндөрдүн санын көбөйтүшүбүз керек", - деп аталган китеп дүкөндүн негиздөөчүсү, коомдук активист Аязбек Атамкулов билдирди.

"Китеп дүкөндү ачуу көптөн берки көксөп жүргөн кыялым болчу. Биз дүйнөгө өлкөбүздү китеп окуу жагынан тааныталы деп китеп дүкөнүбүздүн атын алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымынан атадык. Мындан сырткары, адабияттын алптары, залкар инсандардын атынан, мисалы, "Kasymbekov Books", "Jusup Abdrahmanov Books" деген сыяктуу филиалдарды ачсак деген чоң тилектерибиз бар. Китеп дүкөндү ачуу иштерине жалпысынан 4-5 ай кетти", - деп кошумчалады ал.

Китеп дүкөн шаардын борборунда, Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан. Бул китеп дүкөндө окурмандардын эс алуусу үчүн кофе иче турган жай да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: