super.kg logo

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөшүштү?

 

Бүгүн, 12-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышуучу мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Түркия менен Кыргыз мамлекетинин стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин үстүбүздөгү жылдын июнь айында өткөн жыйыны эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошумча дем бергенин белгиледи.

Ал үстүбүздөгү жылдын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын көрсөткүчүнө жакындап калганын баса белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган өз ара сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө үмүт артарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде түрк тарапка меймандостугу жана саммитти жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал быйылкы жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толуп жатканын эске салып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө ишеним билдирди.

Садыр Жапаров буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Анын пикиринде, мындай фонд эки өлкөнүн инвестициялык жана каржылык мамилелерин кеңейтүүгө эки тараптын кызыкчылыгына негизделип, кыргыз жана түрк ишкерлеринин мамлекеттик жана жеке өзүн өзү каржылаган долбоорлорун ишке ашырууга салым кошууда. Кыргыз мамлекети менен Түркиянын лидерлери бардык актуалдуу багыттарда биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.11.2021. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы кимди кармап берейин деп суйлошту
14.11.2021. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Понятия не имею" - десе эми ишенбей калдык го ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: