Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлдү

Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды.
Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.
Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүнө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.



