Белгисиз адамдар Бишкектеги Бишкек баатырдын эстелигине коюлган QR-код тактайчасын талкалап кетишти (фото)




Белгисиз адамдар Бишкектеги Бишкек баатырдын эстелигине коюлган QR-код тактайчасын талкалап кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Эсте" коомдук фондунун директору Майсалбек Курбаналиев билдирди.
"Эсте" коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарында 30га жакын эстеликтин жанына QR-код бар тактайчалар орнотулган. Азыркы тапта дагы 30 эстеликке ушундай тактайчаларды орнотууну көздөп жатабыз.
Бирок кээ бир тактайчалар бейбаш адамдар тарабынан талкаланып жаткандыгы бизди убайымга салууда. Себеби ар бир тактайчаны даярдоо, аны орнотуу аз эмес акчаны талап кылат. 2 күн мурда Бишкек баатырга орнотулган тактайча талкаланып калганын көрдүк. Албетте, бул көрүнүш зээнибизди кейитти. Бүгүн эртең менен талкаланган тактайчаны кайра жаңысына алмаштырдык", - деди ал.
Шаардагы эстеликтерге QR-код тактайчалары сентябрь айында коюлган.











1 |