Токтогулда турак үй өрттөнүп үй ээси каза болду




Кечээ, 13-ноябрь күнү Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Арал айылында жайгашкан турак үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Жерине №97 ӨКБдан бир бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 1956-жылы туулган ээси Д.К. каза болгон. Өрт курчоого саат 09:31де алынып, саат 14:16да толук өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.