Унаа тыгынын болтурбоо үчүн Оштун бир нече көчөлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилет. Кайсы көчөлөргө? (Тизме)





Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылын иретке келтирүү максатында Ош шаарына ИИМдин Республикалык адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык башкармалыгынын тиешелүү адистери чакырылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Жол кызматынын адистери менен биргеликте Ош шаарынын унаа кыймылы эң көп болгон кесилиштерин карап чыгышты, анын ичинде: Масалиев – Навои, Масалиев – Монуева, Курманжан Датка – Навои, Ленин – Навои жана Курманжан Датка – Г.Айтиев. Бул жерлерде жол тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө максатында светофорлордун циклдары өзгөртүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары Масалиев-Раззаков-Бабараимов көчөлөрүнүн кесилишинде иш-чаралардын планы түзүлдү. Ага ылайык, аталган кесилиште бир нече жолу болгон жол кырсыгына байланыштуу жана жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде, транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.
"Жогоруда айтылгандарга байланыштуу транспорт каражаттарынын айдоочуларынан өз маршруттарын алдын ала пландоону суранабыз. Ошондой эле аталган көчөлөрдүн кесилишине «Ош шаардык жолдору» ЖК тарабынан тиешелүү белгилер орнотулуп, жол сызыктары тартылган", - деп кошумчалашты мэриядан.





1 |