Бишкектеги жолдорду тазалоо иштерине 35 атайын техника тартылды




Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого эртең мененки убакытка чейин 44 тонна туз керектелди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 35 атайын техника, 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу унаа, 5 кичи трактор тартылды.
"Жол тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Мындан тышкары 608 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. Учурда "Тазалык" кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.