Кыргыз өлкөсү 9 ай ичинде чет жакка канча пайыз товар экспорттоду? (статистика)
Кыргыз өлкөсү 2021-жылдын тогуз айынын ичинде экспорттогон товарлардын басымдуу бөлүгүн, тагыраагы, 71,6 пайызы кайра иштетүү өнөр жайынан чыккан продукциялар түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу төмөн экенин Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз өлкөсүнүн кайра иштетүү өнөр жайынын чет жакка саткан товарлары жалпы мамлекеттик экспорттун 80,7 пайызын түзгөн.
Металлды кайра иштетүү жана андан буюм-тайым жасоонун көлөмү 54,6 пайыздан 24,7 пайызга чейин түшүп кеткен. Анткен менен тикмечилердин (кийим-кече) сыртка чыгарган товарлары 4,4 пайыздан 6,9 пайызга, тамак-аш экспорту 6,7 пайыздан 10,4 пайызга, нефть продукцияларынын экспорту 2,4 пайыздан 4,1 пайызга чейин өстү.
Кайра иштетүү өнөр жайынын башка тармактары тууралуу айта турган болсок, 9 ай ичинде экспорттолгон товарлардын 12,3 пайызын кен байлыктар, 8,7 пайызын айыл, токой жана балык чарбасы өндүргөн, 8,3 пайызын таштандыларды кайра иштетүүдөн жасалган продукциялар ээледи.



