"Түндүк электр" карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрөт
Эртең, 16-ноябрдан баштап "Түндүк электр" ААКсы 4 600дөн ашуун абоненттин электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы дебитордук карыз 12 миллион 100 миң сомду түзөт.
Эске салсак, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу режимде кабыл алат.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Мурунку жылы 130сом карызы бар бечараныкын өчүрүп,чакага от жагышып иске ууланып жаш балдар өлүшкөн.Ошондой окуялар кайталанбасында.