"Кыштын камын жазда көрбөгөндүктөн...". Иске уулануунун алдын алуу боюнча адис жооп берет
Кечээ, 14-ноябрь күнү таңга жуук эне жана анын 3 баласы мештен чыккан иске ууланган. Анда каза болгон балдардын улуусу 6 жашта болсо, кичүүлөрү төрт жаштагы эгиздер болгон. Ал эми балдардын апасы өтө оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган. Бир үй-бүлөдөгү 3 жаш баланын өлүмү коомчулукту кайгыга салды.
Өлкө аймагында көмүр исине ууланып каза болгон бул биринчи окуя эмес. Буга чейин да мындай окуялар катталып келген. Кыргыз өлкөсүндө көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүр жагып күн кечирет. Ошондуктан эртең да мындай окуя болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, улук лейтенант Куштарбек Ташбулатовго суроолор менен кайрылдык.

- Айтсаңыз, иске ууланып калбоо үчүн эмне кылуу керек?
- Азыр кыш мезгилинде турак үйлөрдө жарандар үйлөрүн көмүр менен жылытканына байланыштуу өрт кырсыктары көп катталат. Иске уулануунун эң биринчи себептери мештердин туура эмес орнотулганы, кышка өз убагында даярдык көрүлбөгөнү, мештерди жана морлорду жай мезгилинде көөдөн жана ыштан тазалоо иштеринин жүргүзүлбөгөнү. Ис чыгуунун алдын алуу үчүн жогоруда айтылгандар менен кошо мештердин жаракаларын бүтөп, оңдоо иштерин жүргүзүү керек.
- Мындай окуяларга ким жооптуу болот?
- Жеке менчик турак үйлөрдө салынган мештер, морлор боюнча ар бир жаран өзү жоопкерчиликтүү.

- Иске ууланган учурда кандай жардам көрсөтүлөт?
- Иске ууланган учурда ал адамды биринчиден таза абага чыгаруу зарыл. Эгерде адам эс-учун жоготкон болсо жасалма дем алдырабыз. Сөзсүз "Тез жардам" чакыруу керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.