super.kg logo

Акылбек Жапаров министрликтердин статс-катчыларын кызматтан бошотту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлик жана мекемелердин статс-катчыларын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган чечим "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Кызматтан бошотулгандар:

  • Айбек Акмолдоев - Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы;
  • Нурдин Алишеров - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
  • Нуржан Бардинова - Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
  • Жылдыз Бопушева - Инвестициялар министрлигинин статс-катчысы;
  • Борубаев Самат - министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
  • Чынгыз Кененбаев - министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  • Азамат Мамбетов - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;
  • Кутман Мамыров - Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
  • Исламбек Мойдинов - министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;
  • Абдисамат Сагымбаев - Санариптик өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
  • Бактыбек Секимов - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы;
  • Калысбек Шадыханов - Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
  • Абдухалык Шамшиев - Юстиция министрлигинин статс-катчысы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: