Бишкекте эгиз уулдуу болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деген ысым ыйгарышты



Бишкекте эгиз уулдуу болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алардын кошунасы Айгерим Болот кызы билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.
"Эгиз уулдардын салмагы 2 килограмм 700 граммдан. Алар бүгүн, 15-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Эгиздер ата-эненин төртүнчү балдары.
Кошунамдын жакын туугандары кеңешип уулдарына Садыр, Камчыбек деген ат коюшту. Алар түндүк менен түштүктү бириктирген, элине тынчтык орноткон, элге күйгөн уулдардан болсун деп ушул атты тандашыптыр.
Кошунам 10 жылдан бери батирде турат, алар Ысык-Көл облусунун Кожояр деген айылынан болушат", - деди кошунасы.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
-2

Балдар өзүнүкү каалаган ысымды коюшат.Эгиз балдарды көралбастыкбы же?
Ким кандай ойлосо Акылына жараша ойлойт!!!
Омурлору узуун болушсун. Бул садыр менен камчыга аты окшосо да заты окшобогон баатырлардан болуп чоноё беришсин