super.kg logo

Доскул Бекмурзаев: "Энергетикадагы кризисти жараткан жокпуз, ушул абал боюнча кабыл алдык"

 

Кыргыз өлкөсүнө 300 мВт электр энергиясы жетишпей турат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

"Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 11 миллиард суу бар. Анын көлөмүн 6 миллиардга түшүрүп жиберсек кийинки жылга кыйынчылык жаратып алган болобуз. Биз мындай энергетикадагы кризисти жараткан жокпуз. Ушул абал боюнча кабыл алдык. Ошондуктан элди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга үндөп жатабыз. Биз лимитти киргизгенибиздин себеби жарык отуралы дегенибиз.

Токтогул суу сактагычында агып чыккан сууну коңшу өлкөлөр пайдаланат.

Бүгүнкү күндө импорт токтоп турат. Биз өзүбүздүн генарациядагы электр энергиясы менен камсыздап жатабыз. Анткени Өзбекстандан импорт келе турган линиясында авариялык жагдай пайда болуп, оңдоо иштери жүрүүдө.

Биз элди кыштан чыгаруу үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө чакан ГЭСтер башталды. Бюрократияны жоюп жатабыз.

Жеке ишкерлерге, мамлекеттик мекемелерге электр жарыгы тынымсыз берилет. Болгону кээ бир чакан цехтер ишкерлик жүргүзгөн жайды жеке үй деп каттатып алган учурларда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн", - деп билдирди министр.

Ошондой эле Доскул Бекмурзаев көмүр боюнча маселе жок экенин айтып, көйгөй көмүрдү элге жеткирүүдө экенин айтты.

"Учурда көмүр алып келип кымбат баада сатып жаткандар 60 миң сомдон пайда көрүшүүдө. Биз унааларды жалдап Бишкектеги көмүр базаларына арзан баада түшүрүп берсек деп жатабыз. Көмүрдү казууда маселе деле жок. Анын жеткирүүдө көйгөй жаралып калууда", - деди Бекмурзаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: