super.kg logo

Президент жакынкы убакта борбордук ЖЭБ-2нин жанындагы жашоочулардын жерлерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берди

 

Бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин, 2021-жылдын августунда мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ЖЭБ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ЖЭБ-2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды.

Ал электроэнергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ЖЭБ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди.

Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

"Ушул жуманын аягына чейин министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат", - деди ал.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө ЖЭБ-2 жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды.

Мамлекет башчысы ЖЭБ-2нин жанында пайда болгон конуштун тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин белгиледи.

"Бул мурунку бийликтин жылдар бою чечилбей келе жаткан каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар. Мисалы, министрликтерде, ведомстволордо, аймактарда, тоо-кен өнөр жайларында жана башкаларда", - деди ал.

Аны менен бирге, мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

"Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, аны мыйзамды бузгандыгы үчүн дароо кармашат" деди ал. Ошондой эле жарандардын турак-жай маселесин чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын саясаты толук өзгөртүлүп, квартираларды жана үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү башталганын кошумчалады.

"Муктаж болгондор турак жайды ипотека менен 10, 15, 25 жылга алуусу үчүн кийинки жылга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга 5,5 миллиард сом бөлөбүз. Батирлерди облустарда, райондук борборлордо беребиз. Облус башчылары, мэрлер, акимдер бул багытта иш алып барып, бул маселени көзөмөлүнө алышат", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең борбордо анын баасы сезилерлик төмөндөйт.

Жергиликтүү тургундар көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрүнүн чечилгенине ыраазычылыктарын билдиришти. Алардын айтымында, буга чейин алар 16 жылдан бери ар кайсы органдарга кайрылып, бирок маселе чечилген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: