Алымкадыр Бейшеналиев: "Мар Байжиев эмдөөдөн өтө электигин айткан эле"
Вакцина алуу менен гана коронавирус илдетин жеңебиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирди.
"Калктын 70 пайызын эмдөө менен гана биз COVID-19ду жеңе алабыз. Азыр ооруп жаткандардын көбү дарыгерлерге убагында эмдөө албаганына өкүнүп жатканын айтышат. Адамдардын көбү COVID-19 бизге жукпайт деп ойлошот. Ал эми алар ооруп калган соң кеч болуп калат, анткени илдет татаал формасына өтүп кетет.
Көбүнчө 70-75 жаштагы жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар каза болот. Биз дагы деле атактуу инсандарыбызды жоготуп жатканыбызга кейийбиз. Мар Байжиевди жакында эле жоготуп алдык, буга чейин аны менен сүйлөшкөндө эмдөөдөн өтө электигин айткан эле", - деди Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, Кыргыз Эл жазуучусу, прозаик, драматург Мар Байжиев 29-октябрь күнү 86 жаш курагында дүйнө салган.



