super.kg logo

Садыр Жапаров: "Ар бири өз өлкөсүнүн патриоту катары аракеттенип, шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүүсү маанилүү"

 

"Ар бири өз өлкөсүнүн патриоту катары аракеттенип, шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүүсү маанилүү", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда алдыдагы парламенттик шайлоолор темасына токтолуп, Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2нин жанында пайда болгон конуштун тургундары менен баарлашуу учурунда. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо – бул келечектеги беш жылга болгон акыркы саясий процесс экенине өзгөчө көңүл бурду. Бул шайлоолорду өткөргөндөн кийин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.

Садыр Жапаров элди, анын ичинде аталган конуштун жашоочуларын дагы бир жолу шайлоолордо ак ниет, жигердүү болуп жана өз добуштарын сатпоого чакырды.

Ар бир добуш – чечүүчү. Эгер, алар кимдир бирөө тигил же бул талапкерге же партияга добуш сатууга үгүттөп жатканына күбө болуп калышса, тийиштүү ыкчам чараларды көрүү зарыл.

Президент шайлоодо добушун саткан жана сатып алган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салды. Жазык кодексинде тийиштүү берене бар жана ага ылайык эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.

Анын айтымында, тажрыйба көрсөткөндөй, ушундай ыкма гана бул сыяктуу мыйзам бузууларды токтото алат. Антпесе, көпчүлүк акчага азгырылып, добуштарды сатып алууга же сатууга барууга даяр.

"Сиздер билгендей, өткөн шайлоолордо бардыгы тескерисинче болгон. Добуштар сатылып жана сатып алынган, административдик ресурс колдонулган, жергиликтүү жетекчилерди, дарыгер, мугалимдерди “чуркоого” мажбурлашкан. Азыр эми биз тескерисинче кылып жатабыз, мындай фактылар аныкталса, күнөөлүүлөр кызматынан алынат.

Мисалы, мындай фактылар үчүн бир катар жетекчилер кызматтан кетишти", - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров мындан ары мындай болбой турганына көңүл буруп, таза эмес шайлоо деген түшүнүк жоюларына басым жасады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: