super.kg logo

Акылбек Жапаров жазгы талаа иштерине карата күйүүчү май менен камсыздоо жана башка тапшырмаларды берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтердин жана административдик ведомстволордун жоболору каралып, бекитилип, ведомстволордогу башкаруу схемалары шайкештикке келтирилди.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, ал мамлекеттик органдардын көмүргө болгон бааны төмөндөтүү жана калкты көмүрдүн жетиштүү көлөмү менен камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери боюнча ишти күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги астында борбордогу ыш маселесин көтөрүп, муниципалитет менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүүдө ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Айыл чарба министрлигине келерки жылдын январь-февраль айында өлкөдөгү жазгы талаа иштерине карата күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо, ошондой эле сугат суу маселесин чечүү боюнча ишти баштоону тапшырды.

Акылбек Жапаров кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү шайлоонун үгүт процессине кийлигишпөөсүн дагы бир ирет эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.11.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге ош менен лейлектеги баалар айырмасы 10сом ушул убакта ДТ 65 сом АИ 92 65сом лейлекте ошто ДТ 54сом неге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: