super.kg logo

Министрлик: "Кыргыз өлкөсү "MegaCom" уюлдук операторуна байланыштуу ишти эл аралык сотто жеңип чыкты"

 
Кыргыз өлкөсү "MegaCom" уюлдук операторуна байланыштуу ишти Эл аралык арбитраждык сотто (Лондон) утуп алды. Мындай маалыматты Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлайт.
Андагы маалыматка ылайык, 2017-жылдын июль айынан бери Британиянын Виргин аралдарында катталган "Penwell Business Limited" компаниясы ЮНСИТРАЛ эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык териштирүү жүргүзүп, 298 миллион доллар компенсация төлөп берүүнү талап кылган.
"2021-жылдын 8-октябрында сот доогердин талаптарын четке каккан. Ал эми чечимди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч берүүнүн мөөнөтү 5-ноябрда бүттү. Мындан улам кыргыз тарап акыры бул талаштан жеңип чыкканын расмий ырастоого болот", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: