super.kg logo

Баткенде окуучулардын уруу-урууга бөлүнүп мушташканы боюнча 14 милиция кызматкери жазага тартылды. Тараптар элдешкен

 
Баткендеги Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектептин 8-классынын окуучуларынын ортосунда массалык мушташ орун алган. Аталган окуя ушул жылдын жаз мезгилинде болгон. Бүгүнкү күндө тараптар элдешкенин, бул ишти тергеген айрым милиция кызматкерлери кызматтык жазага тартылганын Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тергөөнүн жүрүшүндө аталган мектептин мушташка катыштыгы бар окуучулары, мугалимдер суракка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча эки тарап элдешүүгө жетишкен.
Бул кадамга жол берген милиция кызматкерлерине ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 14 кызматкер кызматтык жазага тартылып, анын ичинен үчөө ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен жаза алышкан", - дешти маалымат кызматынан.
Мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуу, ушул айылдын көйгөйү болуп келген уруу-урууга бөлүнүүнү болтурбоо максатында өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү үзгүлтүксүз жыйналыштарды, ынтымакты бекемдөө максатында ар кандай викториналарды өткөрүп келерин кошумчалашты башкармалыктан.
Окуянын чоо-жайы:
Мектеп окуучуларынын массалык мушташы ушул жылдын 15-апрелинде болжол менен саат 13:30 чамасында болгон. Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган.
Окуучулардын мушташы 266-берене ("ээн баштык") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.11.2021. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бөлүнгөндү бөрү жейт!
15.11.2021. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунорчо урушсанар тазиктерге утук болот го
16.11.2021. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээ ичкилик туугандар эмне болду силерге 30 уул деп дайыма 30 уулду болуп турчу эленер Эми озунордун ич ара ынтымагынар кетип жатыптыр
16.11.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayern-munchen,тирилигинди кыл тууган ,корунгон жерге мурдун тыкпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: