super.kg logo

Дастан Бекешев УКМКга 3 саат сурак берип чыкты

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев сурактан чыкты. Анын буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакыртылганы маалымдалган.

Талапкер сурак 3 саатка созулганын, анда шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланыштуу суроолор болгонун айтты.

"Суроолор шайлоонун үгүт иштерине каражатты кайдан чогултарым, каражаттар кайдан келерине байланыштуу болду. Үгүтчүлөр боюнча дагы сурашып, бул иштерге жашы жете электерди жалдаган же жалдабаганымды такташты. Мен өспүрүмдөрдү жалдабайм. Башында күбө катары суракка алышты. Андан кийин Рахим аттуу баланы чакырышты. Ал өзүнүн досуна жардам берип жүргөнү аныкталды.

Мен үгүт ишине баргам, мага үгүтчүлөр суракка чакыртылганын билдиришти. Мындан улам бул жакка келдим. Кимди чакырып, эмне кылганын билбейм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: