super.kg logo

"Бүгүн көмүрдүн баасы 3 миң сом болот". Садыр Жапаровдун эл менен жолуккан видеосу

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушту. Анда президент аталган аймактагы жер тилкелерди трансформациялоого байланыштуу министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма бергенин белгиледи.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең Бишкекте көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт. Тагыраагы, тоннасы 3 миң сомдон болорун айтты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, талкуу жаратты.

"Жакшы турасыздарбы? Үшүгөн жоксуздарбы? Көмүрүңөр барбы? Бүгүндөн баштап бир тонна көмүрдүн баасы 3 миң сом болот. Бишкектеги кампага "Кара-Кеченин" көмүрүн алып келели деп жатабыз. Кампанын дарегин социалдык тармактар аркылуу кабарлайбыз. 6 миң сомдон сатып жаткандар өздөрү ташып келип жатышат, баасын түшүргүлө десек болбой коюшту. Анан биз өзүбүз алып келип, 3 миң сомдон саталы деп жатабыз. Алар алып келген көмүрүн 3 миң сомдон сатсын, болбосо аймактарга алып барышсын", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.11.2021. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр ава бул жагы кызык болду го, бишкектиктер 3 миңден алса,алыскы райондор 6/7, миңден алып калабы?ортомчуларды региондорго кууп ийсенер
16.11.2021. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкекте 3 минден,Ошто 7 минден.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: