Валентина Шевченко катышкан "Көк ала" тасмасынын бет ачары өттү. Шевченко өзгөчө стилде кийинип барды (фото)










UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзү тартылган "Bruised" (Көк ала) тасмасынын бет ачарына өзгөчө стилде кийинип барды. Анын тасманын бет ачарындагы сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланып, көпчүлүктү суктандырууда.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар Валентина Шевченко өзгөчө стилде кийинип барганын айтышып, жылуу пикирлерин жазышууда. Тасманын бет ачарына Шевченко бир тууганы Антонина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов менен барган.
Бул тасмада Шевченко "Оскар" сыйлыгынын ээси Холли Берри менен роль жаратат. Тасмада Берри MMA мушкеринин ролун ойнойт. Кинодо Шевченко анын башкы атаандашы. Бул тасма 24-ноябрда жарыкка чыгат.
Холли Берри буга чейин тасманы тартуу учурунда Валентина Шевченко анын бир нече сөөгүн сындырганын айткан.



