super.kg logo

Жалал-Абад шаарында кичи автобустарга жол акы көтөрүлөт

 

Жалал-Абад шаарында кичи автобустарга жол акысы көбөйтүү сунушу шаардык кеңештин кезексиз жыйынында колдоо тапты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго көтөрүү сунушталган.

"Күйүүчү майлар менен тетиктердин баасынын жогорулаганын эске алуу менен Жалал-Абад шаарында кичи автобустардын жол акысы жогорулады.

Жол акы токтом күчүнө киргенден тарта жогорулайт", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында кичи автобустар мектеп окуучулары үчүн 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон жол кире алып келет.

Бүгүнкү күндө калаада 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: