Президент буга чейин кайра иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарган жазык кодекстерине кол койду
Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында кол койгон.
Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар бир катар дал келбестиктер жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдары менен ички карама-каршылыктардан улам президент тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.