super.kg logo

"Кызматкерлер күнөөсүн моюнуна алды". Калкты тейлөө борборунан жасалма паспорт алган аялдын паспорту жокко чыгарылат

 

Калкты тейлөө борборунан жасалма паспорт алган аялдын паспорту жокко чыгарылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

"Калкты тейлөө борборунун өкүлдөрү күнөөсүн моюнуна алып, ката кетирилгенин айтышты. Алар эки кызматкерди шектүү катары көрсөтүштү. Бул жосунсуз жорукка калкты тейлөө борборунун жетекчиси да жооптуу. Жакында алар жасалма паспортту жокко чыгарууну убада кылышты”, - деди жактоочу.

Эскерте кетсек, буга чейин Калкты тейлөө борборунан У.К. аттуу жарандын өздүгүн аныктаган маалымат менен башка жаранга паспорт жазылганы маалым болгон. Аталган факты Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.11.2021. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ушул иликтөөнү көрүп силерге алкыш айткым келди. Көрдүм видеосун аябай таң калдым. Ушундай да болобу деп тооба кылдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: