Президент: "Аткарган кызматына карабай коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек"
Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Президент жерлерди трансформациялоо боюнча сөз сүйлөдү.
"Кен байлыктар, жер, суу, жайыт булардын баары улуттук байлык. Жерди трансформациялоодо дагы бир топ көйгөйлөр бар. Жер сатуу алдамчылардын, шылуундардын иши. Мындайды болтурбоо үчүн жерди трансформациялоо боюнча мыйзамына кол койгом. Ошондуктан жерлердин бардык категорияларын акыркы реестрин тактоо зарыл. Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоо боюнча көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылууда. Аткарган кызматына карабай коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Коррупция боюнча фактыларды билдирген адамдарга сый-акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча ишке киргизүү зарыл", - деди ал.



