super.kg logo

Токтогулда Алтынбек Мусаев ушул жылдын май айында үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну 1978-жылы туулган Мусаев Алтынбек Калмакович ушул жылдын 13-май күнү үйүнөн араба түртүп чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Алтынбек Мусаев бала чагынан бери психикалык жактан жабыркайт, бирок айылдан башка аймактарга чыкпаса үйүн кайра таап келе алат. Ошондуктан күнүмдүк кара жумуш кылдыруу үчүн адамдар башка аймактарга алып кетип калышы мүмкүн деген да божомолдор бар.

Учурда Алтынбек Мусаевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 150-155 сантиметр, сылтып басат, оң колу чыканагына чейин күйгөндүктөн күйүктөн калган тактары бар жана сол колуна салыштырмалуу ичке.

Дайынсыз болуп жаткан Алтынбек Мусаев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш телефону: 0773 319 018; 0706 931 515; 0773 432 478.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: